• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арачылар мыйзамсыз тамеки алып өтүүгө аракет кылган автоунааны кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.19 /Кабар/. Салык кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2019-жылдын 23-июнунда кыргыз-казак чек арасында жайгашкан “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан акциздик маркалары жана тиешелүү уруксат берүүчү жана башка документтери жок тамеки продукциясын алып өтүп бара жаткан автомашинаны кармашты.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бардыгы болуп болжол менен 3 млн. сом суммадагы 59 миң 500 кутуча тамеки аныкталган. Автоунаа убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бузуу материалдары мыйзамга ылайык мындан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) мобилдик тобуна өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий