• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ак-Ордо конушунда өспүрүмдү ур-токмокко алган эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. Сокулук районунда жаш өспүрүм баланы ур-токмокко алган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрда Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну 1974-жылы туулган Б.С. аттуу жаран милицияга кайрылып, ушул эле күнү 2007-жылы туулган Ж.А. аттуу уулун себепсиз сабап, денесине жаракат келтирген "Б" аттуу жаранга, анын уулуна жана белгисиз жаранга чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза колексинин "Бейбаштык" беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары Кыргызстандын жарандары 1959-жылы туулган М.Э. жана 1964-жылы туулган М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий