• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда 9 айда 178,6 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 04.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 178 млрд 654,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкенжей, белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылган.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,5 млрд сомго көп чогултулду.

Чогулган каражаттардын түзүмүндө 132 млрд 54,2 млн сом салык жана төлөмдөргө, 46 млрд 600 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.

Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү пландык көрсөткүчтөрдүн ашыгы менен аткарылышында негизги ролду ойноду.

Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана санариптештирүүнүн башка долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салык кызматтарын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да өз жемишин берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий