• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акматова: Хижама ыкмасы коронавирус же пневмониядан айыктырууда медициналык жактан тастыкталган эмес

COVID - 19 0


Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Хижама ыкмасы коронавирус же пневмониядан айыктырууда медициналык жактан тастыкталган эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал акыркы күндөрү социалдык тармактарда хижама ыкмасы өпкөсү кагынган бейтаптарды (пневмония) дарылоодо эффективдүү жардам берет деген маалыматтар тарап жаткандыгын айтты.

"Ошондой эле социалдык тармактарда медициналык кызматкерлер да хижама ыкмасын колдонууга өз макулдуктарын берди деп жатышат. Хижама ыкмасы медициналык ыкма катары лифензияланган эмес жана коронавирус менен пневмониядан дарылоодо медициналык жактан тастыкталган ыкмалардын катарына кирбейт. Бул ыкма клиникалык протоколдордо дагы бекитилген эмес", - деп баса белгиледи ал.

Акматова өз сөзүндө хижама ыкмасы COVID-19дан же пнемониядан айыктырууда эффективдүү дарылоо ыкмасына кирет деген ойдон алыс болууга чакырды.

"Андай дарылоо ыкмасын жүргүзгөн адамдарга барбаңыздар. Бул жерде коронавирус жана пневмония гана эмес, вирустук гепатит, андан сырткары, ВИЧ илдеттери кан аркылуу жугушу мүмкүн. Хижама ыкмасын колдонуу сиздин ден соолугуңуз үчүн кооптуу болуп калышы ыктымал. Андан тышкары, кан аркылуу жугуучу оорулап жугуп калып, алар өзүнүн белгилерин 1-2 күндөн кийин же 1 айдан кийин берип башташы мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги хижама ыкмасын колдонуудан алыс болууга чакырат", - деп кошумчалады Акматова.

Пикир

Оставить комментарий