• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстанда стационарларда 682 бейтап дарыланууда – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда стационарларда 682 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, 150 бейтаптын абалы оор, 420 адам орто оор жана 112 жаран канааттандырарлык абалда. Жандандыруу бөлүмүндө 16 адам болууда.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 12 миң 498ге жетти. Алардын ичинен 2076сы медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 5632 (үй изоляциясынан 1897) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 167 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий