• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы районунда жаңы мектеп курулууда

Аймак 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда "Жени-Жок" атындагы жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Долбоорго ылайык, мектеп 225 окуучулук орунга эсептелип, ал эми сметалык баасы 870 124 АКШ долларын түзөт.

Бул объекттин каржылоосу Сауд Өнүктүрүү фондунун кредит каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Подряддык уюмуна курулуштун башынан 253 330 АКШ доллары бөлүндү.

Бүгүнкү күндө объекттиде жер иштери жана кураштыруу пайдубалы бүткөрүлгөн. Учурда экинчи кабаттын кирпичтерин коюу жана күчөтүү, монолиттик колонналардын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, мектептин курулушун 2021-жылы бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий