• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы Сел-Арык каналы таштандыдан тазаланды

Аймак 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Сел-Арык каналы таштандыдан тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, шаардагы негизги сел каналы калаа мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен мэриянын коммуналдык мекемелери тарабынан тазаланды.

Ормоков белгилегендей, таштандылар шаар көркүн гана бузбастан, жаан-чачында көпүрөлөрдүн астына топтолуп, шаарды сел каптоосуна да алып келет. Мындан улам эс алуу күнүнө карабай, аталган сел каналда таштандылар тазаланды.

Белгилей кетсек, алдыда мэриянын тийиштүү мекемелери тарабынан Сел-Арык каналы атайын техниканын жардамында толук тазалоодон өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий