• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксыда 5 миң гектар жерди сугара ала турган канал курулууда

Аймак 0

Ош, 09.08.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 5 миң гектарга жакын жерди сугара ала турган “Ак-Терек” сугат каналы курулууда.

Каналдын узундугу 7,4 чакырым, анын 2 чакырымын туннель аркылуу өткөрүшөт. Ал 2022-жылы колдонууга берилери күтүлүүдө.

Каналдын курулушу президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен, ал премьер-министрлик кызматта турган мезгилде башталган.

Белгилүү болгондой, дарыянын нугу Падыша-Ата коругунан башталат. 5 чакырымдан кийин дарыя Өзбекстан тарапка кетет. Жергиликтүү дыйкандар каналдын жоктугунан сугат иштери үчүн жетиштүү сууга ээ боло албай келишет.

Пикир

Оставить комментарий