• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксыда сел агызып келген кум-шагыл унаа жолду жаап калган

Аймак 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Аксыда сел агызып келген кум-шагыл Топ-Жаңгак – Кызыл-Көл унаа жолун жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 27 май күнү саат 19:10до нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам, кокту-колоттордон келген сел суулар Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короосун каптаган.

Андан сырткары Топ-Жаңгак – Кызыл-Көл автоунаа жолдун айрым жерлерине кум-шагылдар түшүп, жолду жаап калган деген маалымат түшкөн.

Белгиленген аймакка Аксы районунун ӨК бөлүм башчысы жетектеген ыкчам топ тартылган.

Пикир

Оставить комментарий