• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ибрагим Шукри менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечектүү багыттары боюнча пикир алышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Кыргыз Республикасы Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө, анын ичинде жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында кызматташууга кызыкдар экенин белгилеп, ушул жайда биздин өлкөдө Араб координациялык тобунун 4-жыйыны өткөрүлүшү пландалып жатканын айтты.

Өз кезегинде Ибрагим Шукри эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий