• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана USAID`дин улук глобалдык координатору сүйлөшүү жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен USAID`дин гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча улук глобалдык координатору Джамиль Бигио сүйлөшүү жүргүздү.

Акыйкатчы институтунан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу Бишкекте өттү. Ага ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Лиз Зентос жана Кыргыз Республикасындагы USAIDдин директору Кайя Адамс катышты.

Тараптар адам укуктары жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашты.

Негизинен гендердик теңчилик, социалдык интеграция жана адам укуктары боюнча баардык артыкчылыктуу маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилди.

Жолугушуунун маалында акыйкатчы ата-энесинен ажыраган балдардын жеке менчикке карата укуктары бузулуп жатканы тууралуу үрөй учурган фактыларды аныктоо боюнча колдонулуп жаткан чараларды белгилеп өттү.

Ошондой эле балдардын жыныстык кол тийбестигине карата укуктарын коргоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн, эрте никеге туруудан коргоо механизмдерин күчтөндүрүүнүн маанилүү экенине токтолду.

Акыйкатчы жашы жете элек куракта турмушка чыгууга мажбур болгон аялдардын өзгөчө аялуу болооруна көңүл бурду.

“Эрте никелешүүнүн курмандыктары болгон аялдарга колдоо көрсөтүү зарылдыгы курч болуп турат, анткени алар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышат. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арыздарды караган учурда эрте никелешүүгө мажбурлаган фактылар ачыкка чыгаарын белгилеп кетсем болот. Мисалы, Акыйкатчы институтуна 23 жаштагы үч баланын энеси кайрылган. Ал зомбулукка арызданган. Аны 15 жашында андан жашы үч эсе улуу кишиге күч менен күйөөгө беришкени белгилүү болду.

Мындай үрөй учурган фактылар бар жана алар аз эмес. Учурда эрте никеге турууга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгы бар. Биз аталган маселе боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдеп чыгышыбыз керек”, - деп айтты акыйкатчы.

Андан кийин тараптар адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыздаш үчүн КРнын Акыйкатчысынын мандатын күчтөндүрүүнүн маанилүү экенин талкуулашты.

Негизинен акыйкатчы жөнүндө жаңы конституциялык мыйзам долбоору тууралуу пикир алышты.

Жаңы ченемдер акыйкатчынын мандатын күчтөндүрөт — институтттун кызматкерлери балдардын жыныстык кол тийбестиги жөнүндө кылмыш иштери каралып жаткан жабык сот жыйындарына катышууга мүмкүндүк алышат.

“Азыркы учурда КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексине таянышып, институттун кызматкерлерин мындай жыйындарга киргизиштейт. Буга байланыштуу бизде сотто зомбулукка кабылган балдардын укуктарын коргоону камсыздоого мүмкүнчүлүктөр жок. Жаңы мыйзам кабыл алынса биз жабык сот отурумдарын мониторинг кыла алабыз”, - деди акыйкатчы.

Джамиль Бигио акыйкатчынын Кыргызстандын жарандарынын эркиндиктери менен укуктарын коргоого багытталган күч-аракетин колдоорун баса белгиледи.

“Биз КРнын өкмөтү, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары менен мындан ары кызматташууга жана гендердик теңчилик, социалдык инклюзия боюнча зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даярбыз. Биз ошондой эле Акыйкатчынын жарандык коом менен бийликтин ортосундагы көпүрө болгон аракетин колдоого алабыз”, - деп айтты ал.

Пикир

Оставить комментарий