• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө тоодон түшө албай калган төрт өспүрүм куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Ысык-Көлдө тоого чыгып, түшө албай калган 4 өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир күн мурун, 13-февралда кечинде өспүрүмдөр Бостери айылынын Тегерек жайлоосуна чыгышып, алардын бири бутун кокустатып алгандыктан тоодон түшө албай калышкан.

Өз алдынча тоодон түшүүгө аракет кылган балдар суукта үшүп, жардамга муктаж экендигин билдирген. Мындан улам Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан жерине тез арада 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн.

Издөөнүн натыйжасында бутунан жаракат алган бала жана шериктери аман-эсен табылып, Чолпон-Ата шаардык бейтапканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий