• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров БАЭнын Федералдык Улуттук кеңешинин иштери боюнча министри менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын Федералдык Улуттук кеңешинин иштери боюнча министри Абдулла бин Мухайр Аль Кетби менен жолугушуу өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар соода-экономикалык, туризм, айыл чарба, энергетика жана финансы тармактарындагы кызматташуу маселелерин талкуулады.

Бириккен Араб Эмиратынын Федералдык Улуттук кеңешинин иштери боюнча министри Абдулла бин Мухайр Аль Кетби келечектүү инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий