• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров: Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Баткен шаарында өткөн министрлер кабинетинин көчмө жыйынында билдирди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө аймакты мындан ары өнүктүрүү, атап айтканда, инфраструктураны жана жолдорду жакшыртуу, жарандарды, анын ичинде чектеш аймактардагы тургундарды социалдык жактан камсыздоо жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү, инвестициялардын киришине шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Баткен облусу стратегиялык аймак болуп саналат.

«Баткен облусунун негизги артыкчылыгы катары анын транзиттик потенциалы саналат. Баткендин транпорттук коридорлору – келечекте Баткен району үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн кызмат кылат – өнүгүүнүн коридорлору болот», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ал кошумчалагандай, Баткен облусунун Фергана өрөөнү жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы транзиттик коридор болууга толук мүмкүнчүлгү бар.

«Тийиштүү шарттарды түзүп, фитосанитардык лабораторияларды ишке берсек, Эркечтам өткөрүү пункту аркылуу коңшу Кытайга сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кызыл-Кыя шаары Борбор Азия менен Кытайдын ортосундагы ири аймактык соода түйүнүнө айланат. Баткен жана Исфана аэропорттору эл аралык макам алат, Лейлек эркин экономикалык аймагы пландалгандай иштейт»,- деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгиледи.

«Чек ара инфраструктурасы жакшыртылып, жаңы заставалар курулат. Баткен облусун өнүктүрүү боюнча пландар чоң жана биз аларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий