• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Баткендеги Капчыгай, Ак-Сай айылынын тургундары менен жолукту

Өкмөт 0


Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Баткен облусундагы иш сапары уланууда. Бүгүн, 30-сентябрда, Акылбек Жапаров Капчыгай, Ак-Сай айылында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, ошондой эле Жапаров бузулган үйлөрдүн ордуларын тазалоо жана ал жерлерге жаңыларын курууга даярдык иштери менен таанышты.

Акылбек Жапаров чек арадагы окуяда жабыркаган айылдарда жаңы үйлөрдү курууда таза суу, септик, инфратүзүм өңдүү шарттарды эске алууга өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Ак-Сай айылындагы мектептин имаратын көрүп чыгып, билим берүү мекемесинин маселесин чечүүгө байланыштуу тийиштүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, отурум эртең, 1-октябрга белгиленген.

Эске салсак, Акылбек Жапаров Баткенге болгон сапарынын алкагында кечээ, 29-сентябрда Лейлек районунун Максат, Борбордук жана Арка айылдарын кыдырган.

Пикир

Оставить комментарий