• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында аймакта жайгашкан бир катар өндүрүш обьектилерин кыдырып чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Атап айтканда, Акылбек Жапаров 2020-жылы «Кант түтүк-шифер ишканасы» ЖЧК тарабынан курулган шифер чыгаруучу заводго барды.

Ишкананы кыдырууда анын учурдагы иши, өндүрүштү мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү пландары талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, аталган завод мыкты менеджердик ишти алып баруунун үлгүсү болуп саналат.

«Биз ар дайым ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого аракет кылабыз. «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамдын алкагында ишканалар 5 жылга салык төлөөдөн бошотулат. Биз өнөр жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө даярбыз», - деди Акылбек Жапаров.

Белгилесек, шифер заводунун продукциясы Кыргызстандын аймагында гана эмес, коңшу мамлекеттерге – Тажикстанга жана Өзбекстанга да экспорттолот.

Акылбек Жапаров өндүрүштүк кубаттуулуктарды, анын ичинде газобетонду өндүрүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгледи.

Өндүрүштү кыдыруу учурунда ата мекендик өнөр жай ишканаларынын көйгөйлөрү айтылды. Тактап айтканда, ишканалардын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, контрабандалык продукция да арзандатылган баада жайылтылып жаткандыгы тууралуу кеп болду. Ошондой эле ишкерлерди колдоо жаатындагы мыйзамдар өркүндөтүлбөгөндүгү маселеси да кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий