• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Быйыл Кыргызстанда 100 өнөр жай жана 100 соцобъект ачылат

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.24. /Кабар/. 2024-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында Кыргызстанда 100 өнөр жай жана 100 социалдык объект ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында электр энергиясын өндүрүүчү катуу тиричилик таштандыларын утилизациялоочу эко-технологиялык заводдун курулушуна капсула салуу аземинде сүйлөп жатып билдирди.

“Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл толуп, анын алкагында Кыргызстанда 100 ири өнөр жай ишканалары жана 100 социалдык объектилер ачылат. Маселен, Чүй облусунда цемент заводу, жеңил унааларды чыгаруучу кыргыз-өзбек заводу, кафель чыгаруучу завод, тамеки чыгаруучу жана башка ишканалар ачылат”, - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий