• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 04.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында биринчи айланма Чүй каналында чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты.

Министрлер кабинетинин башчысына 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин иши көрсөтүлдү.

«Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү толугу менен колдойбуз», - деди Акылбек Жапаров.

Жумушчу сапарынын жүрүшүндө Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине, атап айтканда, Энергетика министрлигине жана Суу чарба кызматына сугат каналдарынынын курулушунун жүрүшүндө мындай гидроэнергетикалык орнотмолорду курууга техникалык шарттарды камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тарткан И.Раззаков атындагы КМТУ алдындагы «КОНАС» илимий-инженердик борборуна ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий