• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новиков КРдагы БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү менен онлайн жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасындагы БУУ бардык агенттиктеринин өкүлдөрү менен онлайн-форматта жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуу учурунда Артем Новиков БУУга COVID-19 пандемиясына байланыштуу каатчылык учурунда көрсөтүлгөн гуманитардык жана техникалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун планын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар үчүн ыраазычылык билдирем. Аталган жолугушуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң кадам жасоого мүмкүндүк берет жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кошумча дем берет деп ишенем», - деди Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр каатчылыктын социалдык-экономикалык кесепеттерине жооп кайтаруунун актуалдулугун белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары БУУ тарабынан рамкалык программа алкагында сунушталган негизги кадамдарды талкуулады.

Артем Новиков медициналык мекемелер үчүн зарыл жабдууларды орнотуу, алдын ала балдарды медициналык кароодон өткөрүү жана ден-соолугун көзөмөлгө алуу тутумун уюштуруу, вирустук инфекциянын жаңы штаммдарынын жаңы геномдорун аныктоо боюнча лабораторияларды түзүү, жарандарды социалдык жактан колдоого алуу жана ишкер секторунун экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу жаатында практикалык иш-чараларга өтүү зарылдыгына басым жасады.

Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озоннио Ожиело Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ырааттуу жана натыйжалуу иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи жана бул маселе боюнча БУУ өнөктөш катары чыгып, рамкалык документти толуктап иштеп чыгууда ыкчам тартипте көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал 2021-2022-жылдарга БУУ тутуму жана донорлор тарабынан программаны ишке ашырууга олуттуу сумма бөлүнөрүн белгиледи. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин бекитүүсүнө киргизүү үчүн 10-мартка дейре 5 маанилүү багыттар боюнча Рамкалык программанын бөлүктөрүн толуктап иштеп чыгууну макулдашты.

Маалымдама: COVID-19 социалдык-экономикалык ыкчам жооп кайтаруу боюнча БУУ Рамкалык программасы 5 багыттан турат:

- каатчылык учурунда саламаттык сактоо кызматтарын жана тутумун колдоого алуу;

- адамдарды коргоо, социалдык коргоо жана базалык тейлөө көрсөтүү;

- экономикалык жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү: жумушчу орундарды, кичи жана орто мөөнөттүү бизнести жана бейформал сектор кызматкерлерин коргоо;

- макроэкономикалык жооп кайтаруу чаралары жана көп багыттуу кызматташтык;

- социалдык биримдик жана жергиликтүү коомчулуктардын туруктуулугу.

Пикир

Оставить комментарий