• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акылбек Жапаров: ЕАЭБ алкагында санариптик технологияларды жоопкерчиликтүү колдонууга умтулуубуз керек

ЕАЭБ 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында биз санариптик технологияларды жоопкерчиликтүү, натыйжалуу жана коопсуз колдонууга умтулуубуз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Казакстандын Алматы шаарында өткөрүлгөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.

Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык мейкиндигинде “төрт эркиндикти” камсыз кылуу боюнча биргелешкен түйшүктүү иш тышкы таасирлерге карабастан соода-экономикалык кызматташтыкты кыйла жогорулатууга мүмкүндүк бергенин белгиледи.

“Ошол эле учурда биз кабыл алган чечимдердин аткарылышынын кечеңдеши ишкерлердин жашоосун жеңилдетип, тоскоолдуктарды жеңе албайт. Буга чейин Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын ортосунда өз ара соодада электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча эксперимент жүргүзүүнү чечкенбиз. Бирок, акциздик товарларга карата пилоттук долбоорлор буга чейин ишке ашырылганына жана санкцияланган товарларды Россия Федерациясынын аймагы аркылуу алып өтүүдө навигациялык пломбалар күчүндө болгонуна карабастан үч айдан ашуун убакыттан кийин пилоттук долбоор ишке киргизилген эмес. Пилоттук долбоор иштей башташы үчүн бул багытта активдүү иш алып баруу зарыл. Мен навигациялык пломбаларды колдонуу өз ара соодада эсепке алынбаган товарлардын бардык тобокелдиктерин жок кылат деп ишенем”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы жалпы энергетика рыногун жана жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимди даярдоо боюнча иштер уланып жатканын билдирди.

“Биз бардык мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен макулдашылган мамилеге жетише аларыбызга жана 2025-жылга карата Биримдиктин жалпы газ рыногун ишке киргизебиз деп ишенем. Бирликтин алкагындагы иш-аракеттин бирдей маанилүү багыты Евразиялык экономикалык биримдигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруу болуп калууда, анын алкагында 2027-жылга чейин интеграцияланган маалыматтык системаны өнүктүрүүнүн максаттуу программасы даярдалып, кабыл алынган. Мен санариптик трассадагы иштин темпи күчөшү керек деп эсептейм, анткени заманбап реалдуулукта санариптик күн тартиби маанилүү чөйрөдөн артыкчылыктуу багытка өттү. Кийинки жолугушууга чейин биз санариптик долбоорлорубуздун жүрүшү тууралуу толук маалымат алабыз деп ишенем”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий