• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: ЕАЭБдин бардык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу зарыл

Аналитика 0

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикасы үчүн учурда татаал учур болуп турат. Пандемиядан кийинки мезгил жана геосаясий абал экономикалык процесстерди татаалдаштырууда. Кыргызстанда өткөн жылдын аягында экономикалык өнүгүүнүн жогорку темпи байкалган, бирок 2022-жылдын февраль айынын аягынан тарта абал кескин өзгөрдү. Кайрадан актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Буга карабастан, өнүгүү улантылууда жана айрым чечимдер натыйжаларды көрсөтүп жатат, мисалы, контролдук-кассалык машинаны киргизүү салык жыйноонун эселеп көбөйүшүнө алып келди. Дагы бир маселе биримдикке кирген өлкөлөр менен экономикалык өнөктөштүк мамилелерди жакшыртуу үчүн убакыт келгендигинде. Азыр өлкөгө жаңы инвесторлорду тартуу үчүн ылайыктуу учур.

Өткөн жумада Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форуму өтүп, ага КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Министрлер кабинетинин төрагасы “Евразия экономикалык биримдиги: интеграциянын жаңы сапаты” панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.

Жапаров белгилегендей, азыркы кырдаал ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн баарына өз таасирин тийгизди. Терс инвестициялык тенденция, экспорттун кыскарышы жана салттуу соода-экономикалык мамилелердин деформациясы байкалууда.

“Өсүп жаткан соода дисбаланстары жана инфляциялык басым макроэкономикалык туруксуздук коркунучуна алып келет. Терс өзгөрүүлөр жаңы мамилелерди, дүйнөлүк экономикалык өнүгүүгө жаңы көз караштарды иштеп чыгууну талап кылат. Бул тараптан алып караганда, биздин интеграциялык бирикмебиз кризистик көрүнүштөрдү жеңүүдө өзүнүн туруктуулугун жана жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн белгилеп кетүү кубанычтуу”, - деди Жапаров.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикасына тышкы фактордун таасирин азайтуу жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында биргелешкен чараларды кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи.

“Биздин бирикменин улуттук экономикаларынын мүмкүнчүлүктөрүн жана атаандаштык артыкчылыктарын пайдалануу биринчи кезекте инновациялык жана жогорку технологиялык өндүрүш потенциалын стимулдаштырууну камтышы керек. Биргелешкен ишканаларды түзүү менен өнөр жай тармактарында гана реалдуу кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу эмес, интеграциялык бирикменин өлкөлөрүндө өндүрүлгөн товарларды экспорттоону колдоо жана илгерилетүү боюнча инструменттерди жана механизмдерди киргизүү зарыл», - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, интеграциялык бирикменин экономикасына терс таасирин тийгизген тышкы факторлордон тышкары, ички рыноктогу тоскоолдуктар сыяктуу ички факторлор да бар, бул көрүнүштөр менен күрөшүүдө колдонуудагы механизмдерди кайра карап чыгуу зарылчылыгына алып келет.

“Биздин өлкөлөр Евразия экономикалык комиссиясынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү жөнүндө ойлонушу керек, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигинин сотунун бул процесстеги ролун кайрадан карап чыгышы керек. 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаарында өткөн Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынынын алкагында Кыргызстандын президенти өз сөзүндө биздин уюмду өнүктүрүүнүн жаңы артыкчылыктарын жана келечегин аныктоого жөндөмдүү толук кандуу Өнүгүү институттарын түзүү маселесин иштеп чыгуу зарылчылыгына басым жасаган», - деген Акылбек Жапаров экономикалык өз ара аракеттенүү менен катар биздин бардык өлкөлөрүбүздүн экономикасына түздөн-түз таасирин тийгизген социалдык күн тартибин кеңейтүү зарылдыгын кошумчалады.

Акылбек Жапаров биримдикти өнүктүрүүнүн маанилүү учуру катары бириктирүүчү идеяларды табуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бириктирүүчү идеяларды издөө жөнөкөй эле себеп боюнча да токтоп калбашы керек – ал бизди өз камы, каалоо, кооптонуу жана келечекке карай ишенимге ээ адамдардын бирдиктүү коомчулугу катары кармап турган терең катмарларга өз таасирин тийгизүүгө мүмкүндүк берүүчү эбегейсиз чоң жаратман күчкө эгедер. Инсанга мүнөздүү нерсе - тил, маданият, дин аркылуу бириккен коомчулуктан турган өлкө үчүн да мүнөздүү. Чаканбы, же көлөмдүүбү, ал мааниге ээ эмес", - деди ал.

Муну менен катар Акылбек Жапаров Санкт-Петербургдагы иш сапарынын жүрүшүндө Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Александр Новак менен жолукту. Жолугушууда тараптар отун-энергетикалык тармагын өнүктүрүүнү талкуулашты. Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мунай-газ тармагындагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жаткандыгын жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Өз кезегинде РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак отун-энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий