• 79.5
  • 81.44
  • 1.25

Кыргызстанда жашыл энергетикага өтүү акырындык менен болуш керек

Аналитика 0

Дүйнөлүк экономика башында коронаввирус пандмемиясына, андан кийин Украинадагы кырдаалга байланыштуу олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. Албетте, мындай кыйынчылыктар Кыргызстанды айланып өтүп кетмек эмес. 2021-жылдын аягы жана 2022-жылдын башында абал жакшыра баштаганы менен февралдан тарта ал кескин өзгөрдү. Валютанын туруксуздугу, андан тышкары азык-түлүктөрдүн айрым түрлөрүнө болгон баанын өсүшү Кыргызстан акыркы айларда башынан өткөргөн окуялардын аз гана бөлүгү. Дагы бир маанилүү көйгөй – күйүүчү-майлоочу май. Бензин жана дизель майдын баасы күн сайын өсүп жатат, электр энергиясындагы абал дагы жакшы эмес. Энергиянын альтернативдүү булактарын издөө жөнүндө көптөн бери айтылып келгени менен азырынча маанилүү аракеттер боло элек.

Ошого карабастан, бул өтө маанилүү маселе жана ал бир нече аспектилерде - экологиялык климатты жакшыртууда жана өз алдынча позицияларды бекемдөөдө маанилүү. Ал эми экологияга келсек, кыш мезгилинде Бишкек абанын тазалыгы боюнча начар көрсөткүчтөрдүн тобуна кирери эч кимге жашыруун эмес. Ага ылайык, коомдук жана улуттук жашыл энергияга өтүү маселеси бышып жетилген. Борбор калаага электробустарды сатып алуу маселеси биринчи жылы эле көтөрүлгөн жок. Ооба, бул кырдаалды жакшырта алат, бирок дүйнөлүк масштабда бул океандагы бир тамчы гана.

КР экономика жана коммерция министри Данаияр Амангелдиев эл аралык энергетикалык форумга катышып жатып, дүйнөдөгү оор шарттарда “жашыл” экономиканы көп векторлуу өнүктүрүү, анын ичинде “жашыл” энергетика призмасы жана жеке сектордун катышуусу менен дагы зарыл болуп баратканын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө дүйнө өзүнүн өнүгүшүнүн татаал этабын баштан кечирип жатат. Көптөгөн энергия булактарынын жетишсиздигин жана кымбаттыгын эске алуу менен, салттуу булактарга салыштырмалуу энергиянын кайра жаралуучу булактары көбүрөөк орун алууда. Ошондой эле, жаратылыш ресурстарын эксплуатациялоону кыскартуу боюнча дүйнөлүк тенденцияны эске алуу менен, экономиканы кайра ориентациялоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгелердин ортосунда тең салмактуулукту түзүүгө тийиш болгон экономикалык моделди диверсификациялоо зарылчылыгы түзүлүүдө”, - деп белгиледи ал өз докладында.

Амангелдиев белгилегендей, биз дагы бул моделге системалуу түрдө өтүп, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү инструменттеринин бирине, башкача айтканда, инклюзивдик жашыл экономиканы жана көмүртектүү газды кыскартууну жигердүү ишке ашырууга, анын ичинде жеке сектордун катышуусуна карай талыкпай иштешибиз керек деп эсептейм.

Белгилей кетүүчү жагдай, жашыл энергетиканы өнүктүрүү концепциясы мындан мурда президент Садыр жапаров тарабынан белгиленген. Муну менен катар жашыл энергетикага байланыштуу бир катар тапшырмалар өлкөнү өнүктүрүүгө гана эмес, анын коопсуздугуна дагы байланышту болгон. Ошентип, мисалы өткөн жылы күзүндө президент Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүгүн күчөтүү боюнча узак мөөнөттүү чараларды иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча Энергетика министрлигине тапшырмаларды берген:

— суунун агылып келүүсүнүн өзгөрүүсүнөн көз карандысыз түрдө Токтогул суу сактагычында суунун жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу үчүн суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу;

— жаңы генерациялоочу кубаттуулуктардын курулушуна, энергиянын жаңыланып туруучу булактарынын жана "жашыл энергетиканын", анын ичинде чакан гидроэнергетиканын потенциалын жогорулатууга жеке инвестицияларга стимул берүүчү.

Форумдун жүрүшүндө министр Амангелдиев өткөн жылдын күзүндө энергетикалык тез өтүүнүннатыйжасында Европадагы энергетикалык кризистин мисалы аз көмүртектүү өнүгүү максаттарына жетүү үчүн канчалык кылдаттык менен мамиле кылуу керек экендигинин айкын далили болгонун унутпашыбыз керектигин белгиледи. Анткени, бул альтернативдик энергия булактарынын кризиси эмес, энергетикага өтүүнү пландаштыруу этабында кетирилген каталардын натыйжасы болгон.

“Ошентип, экологиялык жактан таза энергетикалык системаларга өтүү бардык мүмкүн болгон терс кесепеттерди эске алуу менен акырындык менен ишке ашырылышы керек”, - деди министр.

Мындан тышкары, министр Д.Амангелдиев форумдун катышуучуларынын көңүлүн "жашыл" энергетиканын контурун калыптандыруу маселелерине, Экономика жана коммерция министрлиги өлкө "жашыл" экономиканы интеграциялоо саясатын кандайча жүргүзүп жатканына бурду.

"Жашыл" өнүгүүгө прогрессивдүү өтүүнүн 7 приоритеттүү секторунун бири (Кыргыз Республикасында “Жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн 2019-2023-жылдарга программасы) "жашыл" энергетика болуп саналат, аны өнүктүрүү экономикалык өсүшкө түрткү берет.

КРда негизги отун-энергетикалык ресурстары болуп көмүр, газ, электр жана жылуулук энергиясы жана күйүүчү-майлоочу материалдар саналат.

"Өлкөнүн энергетика системасы көз карандысыз, Борбордук Азиянын энергетика системасы менен параллелдүү иштейт жана жыл сайын 15 миллиард кВт саатка жакын электр энергиясын иштеп чыгат. Ошол эле учурда экономиканын толук кандуу иштеши үчүн 6 миллиард кВт/саат электр энергиясы аздык кылат. Анын 3 млрд кВт саатын азыр импорттун эсебинен жаап жатабыз. Ал эми жаңы ишканаларды ачуу үчүн 3 млрд кВт саат керектелет. Ошол эле учурда республикада энергетикалык ресурстардын эбегейсиз запастары жана кайра жаралуучу энергия булактарынын жогорку потенциалы бар, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Гидротехникалык потенциал 150 млрд кВт/сааттан ашат, б.а. биз мүмкүн болгон потенциалдын 10% колдонобуз.

Ошондой эле, КРнын аймагы жылына орточо 4,64 млрд МВт/саат Күндөн радиациялык энергия алат. Айрыкча шамалдын энергетикалык активдүүлүгү 1 чарчы метрге 2 МВт/саатка чейин жеткен алыскы райондордо шамал энергетикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бар", - деди Амангелдиев.

Амангелдиев кошумчалагандай, жашыл энергетикага өтүү мамлекеттин, министрликтердин жана жеке коомчулуктун макулдашылган иши менен гана мүмкүн.

Ошондой эле ал белгилегендей, мамлекет инвестиция, инновация жана изилдөө жагынан биздин өлкөнүн бизнес чөйрөсүнө таянат. "Ошондой эле биздин банктар жашыл өндүрүшкө өтүү жана өлкөдөгү иштеп жаткан технологияларды модернизациялоо үчүн финансылык стимулдарды сунуштайт деп ишенебиз. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүз мындан ары да өлкө үчүн бул маанилүү тармакка жигердүү салымын кошо беришет", - деди министр.

Бүгүнкү күндө бир катар инвесторлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында кайра жаралуучу энергия боюнча долбоорлорду, анын ичинде күн электр станцияларын, шамал электр станцияларын жана чакан ГЭСтерди курууну демилгелөөгө жогорку кызыгуусун көрсөтүшүүдө. Азыркы учурда МЖӨ долбоорлорунун бир катар демилгелери активдүү иштеп чыгууда.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий