• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖККУнун келечеги. Уюмдун жыйынында эмнелер талкууланды?

Аналитика 0

Ушул күндөрү Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу өттү. Иш-чара ЖККУнун 20 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына арналды. Учурдагы реалдуулуктун шартында жолугушуу абдан актуалдуу болгон, анткени аскерий гана эмес, азык-түлүк коопсуздугу дагы өсүп жатат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн Москвага иш сапарынын алкагында иш-чарага катышып, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Акыркы жылдарда дүйнөдөгү акыркы окуялардын фонунда практика көрсөткөндөй, өнөктөштөр менен биргелешкен иш алда канча оң жана ыкчам натыйжа берет. Ошондуктан Кыргызстан үчүн тышкы байланыштарды жакшыртуу жана бекемдөө – маанилүү милдет. ЖККУ түзүлгөндөн бери көптөгөн бирдиктүү машыгуулар, иш-чаралар жана тажрыйба алмашуулар өткөрүлүп, техника жана ар түрдүү атайын жабдыктар жеткирилди.

Президент Жапаров белгилегендей, акыркы жылдары болуп өткөн эл аралык окуялар Бресттен Владивостокко чейин жалпы жана жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу максатында жогоруда кабыл алынган стратегиялык чечимдердин тууралыгын тастыктап турат. Муну менен катар ал азыркы эл аралык кырдаал глобалдык коопсуздук жагынан да, дүйнөлүк экономика жагынан да көңүл жубатарлык эмес экенин баса белгиледи.

"Коопсуздукка байланышкан коркунучтар жана аскердик-саясий тирешүү ЖККУнун жооптуу зонасынын бардык чек араларына жакындап калды. ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине үчүнчү тараптардын кийлигишүү аракеттери болуп жатат. Ошентип, жылдын башында биз мүчө мамлекеттердин биринде күтүлбөгөн коопсуздук кризисин токтотууга туура келди. Биз ыкчам жана эффективдүү жооп кайтардык", - деди Садыр Жапаров.

Президент Ооганстандын айрым провинцияларында алардын тышкы демөөрчүлөрүнүн Борбордук Азия боюнча кеңири пландары бар эл аралык террористтердин жана экстремисттердин болушуна байланыштуу ЖККУнун түштүк чек арасындагы кырдаал абдан кооптуу бойдон калып жатканын белгиледи.

"Афган көйгөйү биздин дайыма көңүлүбүздүн борборунда жана талдообузда болушу керек деп эсептейм. Бул багытта саясий-дипломатиялык жана аскердик-техникалык коопсуздук чараларынын бардык комплексин ишке ашыруу зарыл. Ошол эле учурда афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маанилүү, алардын арасында кыргызстандык туугандарыбыз да бар", - деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары, президент санкциялык тирешүүлөргө тынчсыздануусун билдирди.

"Кыргыз экономикасы коронавирустук пандемиядан калыбына келбей жатып, ал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык туруктуулукка жана социалдык туруктуулукка күчтүү санкциялык соккуну алды”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мындай шарттарда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында санкциялардын кесепеттерин жана социалдык-экономикалык абалдын начарлашын алдын алуу боюнча бирдиктүү чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Кызматташтык аянтчасы катары президент 26-майда Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумду сунуштады.

Муну менен катар жыйындын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлду:

— ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин (ЖКК) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү;
— “ЖККУнун Казакстан Республикасынын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими.

“Чечимге ылайык, үстүбүздөгү жылдын башында ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамында абалды турукташтыруу үчүн Казакстан Республикасына чектелген мөөнөткө жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бир катар офицерлери жана аскер кызматкерлери сыйлыктар менен сыйланышты.

ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги милдеттери болуп маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо, Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарына кырдаалды турукташтырууда жана аны укуктук талаага кайтарууда көмөк көрсөтүү болгон”, - деп билдирди президенттин администрациясынан.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө келсек, анда ЖККУнун чек арадагы жоопкерчилик зонанын коопсуздугун камсыздоого даярдыгы айтылат. Документте белгиленгендей, уюмду чыңдоо жана анын учурдагы геосаясий кырдаалга ыңгайлашуусу жамааттык коопсуздуктун натыйжалуу системасын түзүүгө жана чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга мүмкүндүк берди.

Иш сапарынын алкагында КР президенти Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, лидерлер эки тараптуу мамлелердин келечегин талкуулашты.

Россиянын президенти Владимир Путин тараптар ортосундагы мамилелер жалпысынан позитивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

Ал былтыркы товар жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүн белгилеп, Россия Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө ишенимдүү биринчи орунда тураарын кошумчалады.

Владимир Путин ЖККУ саммитинин аянтында биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн багыттарын көзмө-көз талкуулоого мүмкүнчүлүк бар экенин канааттануу менен билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, дагы бир жолу Улуу Жеништин 77 жылдыгы жана өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Садыр Жапаров Россия Федерациясы менен бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууга даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий