• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев Кыргызстан креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директорунун орун басары Хасан Клейб менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 2022-2026-жылдарга интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү процедурасы аяктоо алдында турат.

Ошол эле учурда чет мамлекеттерде биздин ата мекендик айыл чарба продукциясын баалоого мүмкүндүк берүүчү товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын коргоо жана аларды эл аралык каттоо боюнча Лиссабон келишимине кошулуу маселеси каралууда.

Бакыт Төрөбаев креативдүү экономика республиканын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталганын баса белгиледи.

«Министрлер кабинети креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитти. Чыгармачылык өнөр жай паркын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат. Биз креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз», - деди ал.

Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкы директорунун орун басары Хасан Клейб өз кезегинде Кыргыз Республикасы менен кызматташууну бекемдөөгө жана мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Ал креативдүү тармактар чөйрөсүндөгү, ошондой эле 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу багытындагы демилгелерди колдоого даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий