• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Казакстандын президенти менен КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусуна катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда биримдик алкагындагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын 2022-жылы КМШга төрагалык кылуусун ийгиликтүү жыйынтыкташы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы уюмга төрагалык кылууну кабыл алууга даяр экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы үстүбүздөгү жылы казак тараптын КМШнын төрагасы катары ишин жогору баалайт. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдагы төрагалыгы алкагында экология, климат темасы, транспорт, миграция саясаты тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери артыкчылыктуу милдеттер катары саналат», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий