• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Кыргызстанда бардык бизнес өкүлдөрү салык төлөйт

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда бардык бизнес өкүлдөрү салык төлөйт. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жаңы Салык кодекси кабыл алынгандан кийин мүмкүнчүлүктөр кеңейди.

“Салыктын 80%га жакынын төлөгөн 2,5 миңдей компания кодекстин азыркыдай иштешин каалайт”, - дейт ал.

Жапаров бир гана көйгөй, КНСти кайтарууну жакшыртуу жана мыйзамсыз текшерүүлөрдү чектөө экенин айтат.

“Учурда бул багытта иш алып баруудабыз. Мындан сырткары, ККМди 1991-жылдан тарта орнотуш керек эле. Аппараттарды жылдык акча жүгүртүүсү 8 млн сомго чейинки ишкерлер орнотпойт, жүгүртүүсү андан көп болсо салык төлөйт”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий