• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги алты айлыктын алгачкы жыйынтыктары: 200 түп арча отургузулду

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бишкекте 1-февралдан 31-июлга чейин шаардын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча алты айлык жарыяланды.

Мэриядан билдиришкендей, алты айдын ичинде муниципалитеттин, шаардык кызматтардын кызматкерлери шаарга кам көрүү иштерин күчөтүшөт.

"Жарыяланган акциянын алкагында жашылдандыруучулар Юнусалиев көчөсүнө дагы 200 түп арчаны кылдаттык менен отургузууда. Суукка жана кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүк жайында жашыл, кышында сары түстө болот. Сыртынан караганда, арча кичинекей үлпүлдөк балатыны элестетет", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин “Виноградный” сейил багына 300 туя отургузулган.

Мэриядан кошумчалашкандай, шаардын райондорунда ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуу иштери жүрүп жатат. Буга чейин ийне жалбырактуу дарактар Масалиев, Курманжан Датка, Ч.Валиханов, Логвиненко, Орозбеков, Гагарин көчөлөрүнө, ошондой эле Чүй жана Ч.Айтматов проспектилеринин жээгине отургузулган.

Эске салсак, көчөт отургузуу планына ылайык, 2022-жылы шаарга 2 миңге жакын ийне жалбырактуу өсүмдүктөр отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий