• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров менен АКШнын элчиси эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча кыргыз-америка кызматташтыгы активдешкендигин, атап айтканда, жогорку деңгээлдеги сапарлардын жана Борбордук Азия-АКШ саммитинин жыйынтыгында канааттануу менен белгилешти.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан АКШ менен эки тараптуу мамилелерди узак мөөнөткө чыңдоого кызыкдар экенин баса белгиледи.

Тараптар келерки жылы экономикалык, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндө бир катар тармактарда кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өз кезегинде элчи эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.

Ал эки мамлекет башчыларынын Борбордук Азия-АКШ саммитинин алкагындагы жолугушуусун жогору баалап, бул жолугушуу кыргыз-америкалык мамилелерди чыңдоого жана илгерилетүүгө түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты, жашыл энергетика жана климаттын күн тартиби жаатындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий