• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектеп лигасы: Бишкекте гандбол боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Бишкекте «Мектеп лигасы» программасы боюнча мелдештер уланууда.

Программанын алкагында Октябрь районунун билим берүү мекемелеринин уландар жана кыздар арасында гандбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Турнирге балдардын 8 командасы жана кыздардын 8 командасы катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында мыктылар аныкталды:
1-орун - №64мектеп командасы;
2-орун – №73 мектеп командасы;
3-орунду - №3 жана №88 мектептери бөлүштү.

Кыздар арасында:
1-орун - №64мектеп командасы;
2-орун- №88 мектеп командасы;
3-орунду- №3 жана №73 мектептери бөлүштү.

"Мектеп Лигасы" райондун жалпы билим берүүчү мектептеринде дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, дене тарбияны, спортту жана сергек жашоо образын кеңири жайылтуу , окуучуларды спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу максатында өткөрүлөт.

Гандболдон тышкары "Мектеп лигасы" программасы бул жылы спорттун дагы 11 түрүн камтыйт: кичи футбол, волейбол, баскетбол, жеңил атлетика, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, ордо, нормативдер, бадминтон жана дартс.

Пикир

Оставить комментарий