• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Самаркандда эс алып жүргөн кыргызстандык туристтер менен баарлашты (видео)

Өкмөт 0


Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумушчу иш сапары уланууда.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдиргендей, бүгүн, 10-мартта кыргыз делегациясы Самарканд шаарында жайгашкан Амир Тимурдун күмбөзүн зыярат кылып, куран окуду.

"Зыярат учурунда министрлер кабинетинин төрагасы эс алып жүргөн кыргызстандык туристтер менен жолугуп бейформал маанайда баарлашты. Баарлашуу учурунда мекендештерибиз кыргызстанда мугалим, дарыгер болуп иштей тургандарын жана айлык маяналары жогорулап, эс алууга акча каражаты жетип жатканын белгилеп, жылуу маанайда коштошушту", - деди Орунбеков.

Пикир

Оставить комментарий