• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

С.Жээнбеков: “Губернаторлор, акимдер жана айыл өкмөт башчылары турак жайды камсыздандыруу иштерин аткарбай жатышат”

Өкмөт 0

Бишкек, 12-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Губернаторлор, акимдер жана айыл өкмөт башчылары турак жайды камсыздандыруу иштерин аткарбай жатышат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, турак жайларды камсыздандыруу боюнча облустардагы учурдагы көрсөткүчтөр – абдан начар. “Бул губернаторлор баштаган райакимдер, айыл өкмөт башчылары турак жайды камсыздандыруу иштерин аткарбай жатышкандыгын айтып турат”, - деп белгиледи ал.

“Бүгүнкү күндө өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу маселелери эң актуалдуу жана зарыл болуп саналат. Буга байланыштуу, турак жайды камсыздандыруу иштерин күчөтүү керек”, - деп баса белгиледи өкмөт башчы

Пикир

Оставить комментарий