• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованы кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.03.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргызстандын Акыйкатчысы болуп шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров Акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөгөн, өкмөт кызматкерлерине болгон жарандардын дооматтарын карап чыгуучу институт экенине токтолуп, ушундай жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял киши шайланып келгенин айтып, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишене турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий