• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Өкмөт 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, жер титирөөлөрдүн кесепетинен көп сандаган курмандыктарга байланыштуу түрк элине көңүл айтты.

«Боордош элге адамдардын өмүрүн алган жаратылыш кырсыгына байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Кыргыз Республикасы кыйратуучу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда сиздерге колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деп жазган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий