• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Жаңы экономикалык саясатта негизги орунду экспорт ээлейт

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: Жаңы экономикалык саясатта негизги орунду экспорт ээлейт

“Учурда экономиканын драйверлери мамлекеттик чыгымдар жана керектөөлөр болуп жатса, мындан кийин таза экспорт жана инвестициялар болот”, - деди министрлер кабинетинин башчысы Жогорку Кеңештин жыйынында жасаган баяндамасында.

Анын айтымында экспорттук саясатты проактивдүү режимге өткөрүү үчүн экспортту илгерилетүү борбору түзүлдү. Учурда логистикалык борборлор курулууда. Кыргызстан Евразиялык сооданын борбору жана экспортко багытталган товарларды чогултуу, сактоо, сорттоо жана үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүү үчүн региондук логистикалык борбор болууга даяр экенин айткан Министрлер Кабинетинин төрагасы “Экономикадагы кийинки драйвер – инвестиция же “Ар бир жаран инвестор!” болот”, - деди

Бул багытта чакан жана орто бизнестин фондулук рынокко чыгышы үчүн кошумча стимулдар киргизилээрин жана инвесторлорду тартуунун дагы бир инструменти – англис укугун жакынкы саясатта кабыл алуу боюнча иштер башталаарына токтолгон Акылбек Жапаров “Бул өзгөчө укуктук системага өтүү бизге региондогу финансы-экономикалык операциялардын борбору болууга толук жол ачат. Демек, көбүрөөк инвестициялар келет. Бул зарыл кадам, биз ага барабыз!”-деди

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы учурда электрондук коммерциянын тренд болуп жатканын белгилеп, бул процесстерден Кыргыз Республикасы да четте калбай, трансчек аралык электрондук соода товарларын сатуу жана электрондук маркетплейстерди түзүү иштери активдүү улантылып жатканын айтты. “Кыргыз почтасы Кашкарда өзүнүн филиалын ачып, почталык курьердик жөнөтүүлөр үчүн Ашхабад-Ташкент-Ош-Кашгар маршруту киргизилүүдө”-деди Акылбек Жапаров

Пикир

Оставить комментарий