• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен: Капчыгай айылында бардык шарттары менен 2 кабаттуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Баткен районуна караштуу Капчыгай айылында бөбөктөр үчүн бардык керектүү шарттары менен 2 кабаттуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, бала бакчанын курулушу мамлекет тарабынан каржыланып, жалпы аянты 406,4 чарчы метрин түзөт.

Долбоорго ылайык бала бакчада балдар үчүн санитардык нормаларды сактоо жана билим берүү программалары үчүн сабактарды жана оюндарды өткөрүү бөлмөлөрү, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр каралган.

Андан тышкары, гимнастика менен машыгуу үчүн бөлмө, музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет каралган. Бала бакчанын аймагында балдар ойной турган жабдылган аянтчалар курулду.

"Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулар менен камсыздандырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий