• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Буура районунун Маймак айылында 50 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/.Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Маймак айылында 50 орундуу бала бакчанын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Бала бакча КР министрлер кабинети жана Дүйнөлүк банк тарабанын каржыланган Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору тарабынан курулган.

Иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Канимет Осмонбеков, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Шекербек Тургунов, АРИСтин облустук координатору Бакыт Абдыкадыров жана айыл тургундары катышты.

Курулманын жалпы аянты 452,05чарчы метрди түзөт. Бала бакча бардык керектүү эмерек, техника жана жабдуулар менен жабдылган.

Объекттин жалпы наркы 18 272 402 сомду түздү. Анын ичинен донордун салымы - 17 600 340 сом, айыл өкмөттүн салымы - 672 062 сом.

Пикир

Оставить комментарий