• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда быйыл 100 кыска мөөнөттүү бала бакча ачуу пландалууда

Билим 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги байкоочу комитеттин жумушчу жыйынын өткөрдү, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, байкоочу комитет “Келечек үчүн билим” жана “Окутуунун негиздерин чыңдоо” долбоорлорунун мектепке чейинки билим берүү тармагындагы иши менен таанышып, 2021-жылга карата отчётторун жана 2022-жылга пландарын укту.

Байкоочу комитет долбоордун жооптуу аткаруучуларынын көңүлүн төмөнкү багыттар боюнча иштерди аткарууга бурду:

- балдарды эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү, 3-5 жаштагы балдарды көбүрөөк камтуу үчүн жамааттык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын артыкчылыктары жөнүндө маалыматтык өнөктүк жүргүзүү;

- экологиялык таасири боюнча иш-чараларды уюштуруу, 500 объектте коопсуздукту камсыздоо деңгээлин жана билим берүүнүн сапатын талдоо;

- оңдоо-калыбына келтирүү жана курулуш иштеринде жалдама уюмдар тарабынан экологиялык стандарттардын сакталышына, тандоо критерийлерине ылайык объекттердин аянтчаларын пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;

- окутуунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн мектепке чейинки билим берүү педагогдорун даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун кесиптик стандарттарын жана программаларын талдоо.

2021-жылы бала бакчаларды түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн 563 өтүнмөнүн 500ү тандалып алынган, ал эми долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуучу компаниялар имараттарды карап чыккандан кийин ар бир объектке карата материалдарды даярдашат.

2022-жылдын декабрына чейин Баткен жана Ош облустарындагы 100 объектте оңдоо-куруу иштерин бүткөрүү жана жабдууларды жеткирүү пландалууда. Жалпысынан долбоорлор боюнча 500 кыска мөөнөттүү жамааттык бала бакчаларды түзүү каралган.

Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада 3-5 жаштагы балдарга өнүгүү, окутуу жана социалдашуу кызматтары көрсөтүлөт. Мындай жамааттык мектепке чейинки мекемеде бала 3 саат болот, ал жерде балдардын тамактануусу жана уктоосу каралган эмес.

Пикир

Оставить комментарий