• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы суткада 81 адамдан коронавирус табылып, төрт бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 12-февралга карата коронавирус 81 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 41, Чүй облусунда – 34, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 1, Баткен облусунда –1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 265 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 553 бейтап, амбулатордук түрдө 2 439 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 971 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 497 киши айыгып чыкса, 2 миң 924 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий