• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 3, Чүй облусунда - 1, Нарын облусунда - 1, Ош облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Куткаруу кызматы тарабынан 2 чыгуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий