• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров жана Ирандын биринчи вице-президенти эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу алкагында Кыргыз Республикасына келген Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер менен жолугушту.

Жолугушуунун башталышында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президентин өлкөнүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун толук кандуу мүчөсү статусун алышы менен куттуктады.

«Иран ШКУнун потенциалын, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого өз салымын кошот деп ишенем», - деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Андан соң тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулады.

Министрлер Кабинетинин башчысы Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президентинин Кыргызстанга болгон сапарын маанилүү деп мүнөздөп, сапар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.

Соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкка тийиштүү министрлер кабинетинин башчысы биргелешкен кыргыз-иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйындарын үзгүлтүксүз өткөрүүнүн жана анын жыйынтыгында аныкталган милдет-максаттарды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында өткөн кыргыз-иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында Бишкек шаарында кыргыз-иран инвестициялык кеңесин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлгандыгын канааттануу менен белгиледи, анын иши Кыргызстан жана Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле министрлер кабинети өлкө ичинде жагымдуу инвестициялык климатты өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын, ал эми Кыргызстандын инвестициялык мыйзамдары «жетиштүү түрдө либералдуу» экендигин айтты.

Транзиттик-транспорт тармагын талкуулоо алкагында Кыргызстан деңизге чыга албаган өлкө катары Ирандын деңиз портторун пайдаланууга кызыкдар экендиги айтылды.

Тараптар Кыргызстандан Иранга экологиялык таза продукциянын экспортун жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө басым жасоо менен айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурушту.

«Кыргызстандын Иран рыногуна төө буурчакты экспорттоо үчүн чоң потенциалы бар. Төө буурчактын айдоо аянты 55 миң гектардан ашык аянтты ээлейт, 2022-жылга карата дүң жыйым 78 276 тоннаны түздү», - деди Акылбек Жапаров жана Кыргызстандын Иранга балды да экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер эки өлкө ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн жогорку потенциал бар экендигин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгын билдирди.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан менен достук жана өнөктөштүк маанайдагы достук мамилелерди чыңдоого кызыкдар экенин жана ага толук даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар Нью-Йоркто (АКШ) БУУ Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында эки президенттин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча мөөнөттөрдү такташты, ошондой эле ар түрдүү деңгээлдеги жолугушуулардын интенсивдүүлүгүн жогорулатууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий