• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров жана ШКУнун башкы катчысы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.10.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Мин менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ШКУ алкагында көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна катышуусуна өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Биз ШКУ ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча жигердүү иштөөгө, ШКУ Хартиясынын принциптерин, ошондой эле Уюмдун башка эл аралык келишимдеринин жана документтеринин жоболорун так сактоого умтулабыз», - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы ШКУ алкагында көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштарды киргизди.

Атап айтканда, Акылбек Жапаров ШКУ диалогу боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жол картасын» иштеп чыгууну сунуштады.

Белгилей кетсек, бул демилге КР президенти тарабынан 2023-жылдын 4-июлунда өткөн ШКУнун видеоконференция форматындагы саммитинде айтылган.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо контекстинде министрлер кабинетинин башчысы Бишкек шаарындагы ШКУнун Маданий интеграция борборунун потенциалын пайдалануунун жана ШКУнун марафондорун, атап айтканда, ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонун жана ШКУнун Кунмин марафонун өткөрүүнү колдоону улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы аймактык коопсуздукту камсыздоо жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолду.

Ошондой эле ал «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин уюмдун экономикалык мааниси өсүп жаткандыгын белгилеп, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын башында Бишкекте ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын деңгээлинде өткөн расмий иш-чаралар, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 26-октябрына белгиленген ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги иш-чаралар «Кыргызстан эл аралык коомчулуктун көңүл борборуна айланып бара жаткандыгына» далил экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, ШКУ Башкы катчысы ШКУнун катчылыгынын ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын деңгээлинде жетишилген милдеттерди жана макулдашууларды ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Ал ошондой эле ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонуна жеке катышкандыгын айтып берип, аны «ШКУнун спорттук күн тартибиндеги негизги иш-чара» деп атады.

Жолугушуунун соңунда тараптар 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын уюштуруу маселелерин жана мазмунун талкуулашты.

«Жакында иш-чаранын алкагында көрүшкөнчө саламатта болуңуздар», - деп жыйынтыктады сөзүн Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий