• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыркы суткада коронавирустан 3 кыргызстандык каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 11.10.20. /Кабар/. Акыркы суткада коронавирустан 3 кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда бир, Ош облусунда 2 адам каза тапты.

Белгилей кетсек, 11-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 306 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 230ду түзөт. Алардын ичинен 44 миң 395 киши айыгып чыкты, 1 миң 85 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий