• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Букада күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ачылат

Аймак 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда күнүнө 100 тонна сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, учурда жергиликтүү тургундарга сүт өндүрүү жана белгиленген эрежелерге ылайык өткөрүү боюнча атайын окуутуулар жүргүзүлүп жатат.

Район башчысы Нурбек Сатаровдун айтымында, буга чейин инвестор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Ишкана райондогу эски сүт заводун имаратында жайгашып, баардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган. Жакынкы арада имаратты оңдоп-түзөө иштери аяктаса, жумуштар башталат.

Мында тургундардын да маалыматын жогорулатуу, сүт багытындагы уйларды өстүрүүнү көбөйтүү максатында атайын семинар уюштурулуп, алдыңкы фермерлердин тажрыйбалары окутулууда.

Ишкананын ачылышы менен атайын техникаларда ар бир айылды кыдырып сүт жыйналат. Жергиликтүү бийлик бул менен калктын кошумча киреше бөлүгүн арттыруу максатын көздөгөн.

Пикир

Оставить комментарий