• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ала-Букада кен казган компаниядан алтын карактаган кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Ала-Букада милиция кызматкерлери кен казган компаниядан алтын карактаган кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-ноябрына караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында бет кап, кол каптарды кийишкен, алдын ала даярдалган таяктарды, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу тапанча алган топ Ала-Бука районунунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине бастырып киришкен.

"Кен казган ишкананын кароолчуларын таяктары менен уруп сабашып, алардын бирөөсүнө карай ок чыгарышып, бутуна учтуу нерсе менен сайып денесине залал келтиришкен. Ишкананын жумушчуларын таяктары менен уруп сабашып, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен коркутуп, колдорун байлашып, алардын уюлдук телефондорун жараксыз абалга келтиришкен. Чет элдик жарандын 20 миң сом накталай акчасын алышкан.

Андан кийин темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 кг 833 гр алтын металын ачык түрдө тартып алышкан. Ишкананын короосунда токтоп турган “Митсубиши Делика” үлгүсүндөгү автоунаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарышып, фараларын талкалашып, жанында токтоп турган “Тойота Ленд Крузер Прадо” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен", - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада кен казуучу ишканага жалпы суммасы 10 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген.

Бул факты Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 202-беренеси ("Каракчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, ИИМдин 7-башкармалыгынын, ИИМдин Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн ыкчам талдоо тобунун, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ала-Бука РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектелип Ала-Бука районунун тургундары 1992-жылы туулган Ч.Б., 1995-жылы туулган Т.С. жана 1996-жылы туулган М.Ж. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий