• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алагозов: Эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абадга да салынат

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абадга да салынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын айтымына караганда, социалдык тармактын айрым колдонуучулары чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү таратып жатышат.

"Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары "Ош шаарына пландалган аэропорт Жалал-Абад шаарына салынмай болуптур. Ошко салынбай калыптыр" деген маанайдагы билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт жана провакациялык мүнөздө экендигин белгилейбиз.

Ошондой эле, жалган жана чагымчыл маалымат таркатуу тийиштүү мыйзамдардын чегинде тескелерин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эске салабыз.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын майында мамлекет башчысы Садыр Жапаров жаңы салына турган аэропорттордун долбоорлору менен жеринде таанышкан.

Анда Ош жана Жалал-Абад шаарындагы аэропорттордун ордуна ипотекалык негизде берүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралганы маалымдалган", - деди Алагозов.

Пикир

Оставить комментарий