• 88.68
  • 95
  • 0.95

Алай райондук милициясына жаңы көчмө кабылдама унаасы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-апрелде Алай райондук ички иштер бөлүмүнө ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан “Газ 2217 “Соболь” үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага мобилдүү унаалардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов, Алай районунун акими Каныбек Апбасов, Алай райондук ЕККУнун төрайымы Максат Нурматова, Ош ОИИБдин начальнигинин орун басары Талантбек Шатманов, Алай РИИБнин өздүк курамы жана мекеме-ишканалардын башчылары катышышты.

Алай району алыскы тоолу аймактарды кыдырып тейлегенине байланыштуу эми жарандардын көйгөйлөрүн барып угууга жакшы жардам болот.

Милициянын көчмө кабылдама унаасы алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калкты кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузуулардын алдын алууда өз натыйжаларын корсөтүүдө.

Алай РИИБнин жетекчилиги колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышын чындоо жана алыскы аймактарга чыгып, калктын койгөй жараткан маселелерин жеринде чечүү максатында иш алып барууну белгиледи.

Ош облусунун аймагында 8 милициянын көчмө кабылдама унаасы ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий