• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алайдын Сары-Таш айылында суу менен камсыздоо системасынын курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Ош облусундагы Алай районунун Сары-Таш айылында суу менен камсыздоо системасынын курулушу аяктады. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинен (АРИС) билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу менен камсыздоо системасы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, КР министрлер кабинетинин колдоосу менен АРИС тарабынан ишке ашырылган «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору тарабынан курулган.

Сары-Таш деңиз деңгээлинен 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан алыскы, бийик тоолуу айыл. Буга чейин элеттиктерде таза суу көйгөйү курч болуп келген.

Жаңы суу системасын курууда долбоордун алкагында жалпысынан 28 млн 268 миң 138 сомго төмөнкү иштер жасалды:

• каптаждык суу алуучу жай (водозабор) жана 2 резервуар куруу;

• 14 чакырымдан ашык суу тартуучу түтүктөрдү куруу.

Эми, айылдын 2281 жашоочусу жана мектеп, бала бакча, бейтапкана өңдүү социалдык объекттер таза суу менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий