• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Некролог - Аламүдүн районунун акими Таалайбек Жайылов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу тутуму чоң жоготууга учурады – 2021-жылдын 9-сентябрында 51 жаш курагында Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жайылов Таалайбек Ташиевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жайылов Таалайбек Ташиевич 1969-жылдын 21-октябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Совет айылында туулган. И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин бүтүрүүчүсү болуп саналат.

1986-жылы орто мектепти аяктаган соң эмгек жолун Нарын совхозунда иштөө менен баштаган.

1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарына чакырылып, Афганистанда кызмат өтөгөн.

Кайтып келген соң 1989-2001-жылга чейин Фрунзе машина чогултуу заводунда, Совет совхозунда, Ленин атындагы заводдо жумушчу болуп иштеген. Андан кийин 1991-2001-жылдары «Шыкмамат» дыйкан чарбасында бухгалтер болуп иштеген.

2001-2008-жылдары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда почта бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

2008-жылы И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин ийгиликтүү аяктагандан кийин Жайылов Таалайбек Ташиевич Токтогул районундагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна үч жолу шайланган. 2019-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматына дайындалган.

2021-жылдын 22-майынан баштап Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп дайындалган.

Жайылов Таалайбек Ташиевичтин көп жылдык эмгеги бир катар мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүлүп, «Каармандыгы үчүн», «Аскердик сиңирген эмгеги үчүн», «Ооган элинен ыраазычылык», «СССРдин Куралдуу Күчтөрүнө 70 жыл» медалдары, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мыктысы» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионду өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин, Билим берүү министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жайылов Таалайбек Ташиевичтин жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

У.А.Марипов, С.С.Касмамбетов, Ч.Абыкеев, А.К.Алиев, А.У.Жапаров, Д.Д.Догоев, Ж.К.Бакашова, У.Т.Кармышаков, Б.Р.Зулпиев, А.А.Касымалиев, Ж.А.Асанкулов, А.М.Маматалиев, Э.С.Тентишев, А.Т.Сыргабаев, А.К.Алимбаев, С.А.Ашимбаев, З.И.Жамалдинов, М.К.Кожоев, Б.Н.Нарбеков, А.А.Тюкебаев.

Пикир

Оставить комментарий