• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Жазгы аскерге чакыруу башталды. Бишкекте акимиаттар комиссариаттарды текшерүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун жетекчилиги райондук аскер комиссариатын текшерди.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө алар иштин жүрүшү жана кадрлар менен таанышып, окуу жайдын абалын текшерип, чарбалык маселелерди жана комиссариаттын ишин жакшыртуунун жолдорун карашты.

Белгилей кетсек, КР президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы №44 Жарлыгынын жана Коргоо министрлигинин 2022-жылдын 26-февралындагы №116 буйругунун негизинде 2022-жылдын 1-мартынан 30-майына чейин жарандар кечиктирилгис аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылып, ар кандай себептерге байланыштуу убакыт берүү иштери жүргүзүлөт.

Чакырылгандардын жарактуулугунун даражасын аныктоо жана аскердик кызматка жараксыздарды запаска которуу үчүн чакыруу комиссиясы түзүлөт, анын курамына комиссиянын төрагасы - аскер комиссары, муниципалдык администрациянын өкүлү, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жана адистерден турган медициналык комиссия.

Райондук кызматтарды текшерүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий