• 88.68
  • 95
  • 0.95

Германиянын Кыргызстандагы элчиси Жалал-Абаддагы жаңы тез жардам бөлүмүнө келди

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков менен бирге, облустук оорукананын ыкчам медициналык жардам бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн көрүп чыкты. Бул тууралуу өкүчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оорукананын аталган бөлүмүнүн курулушу 2017-жылы башталып, 2020-жылы пайдаланууга берилген. Ал Немец өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен курулуп, 1,7 млн евро акча каражаты жумшалган.

Габриэла Геллил өлкөлөр аралык мамилелердин өнүгүүсүндө, медицианалык тез жардам бөлүмү калктын санынын көптүгүн эске алуу менен Жалал-Абад облусуна курулганын белгиледи. Аны менен бирге мекеме элдин ден соолугун чыңдоого салымы чоң болоорун кошумчалады.

Эки кабаттуу имарат толук медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Андагы дарыгерлер да атайын окутуулардан өткөрүлгөн. Жалпы 8 керебет жайгашып, эки операция бөлмөлөрү орун алган. Бул Кыргызстанда алгачкы заманбап тез жардам бөлүмү болуп саналат.

Облустук оорукана жыл сайын 27 миңден ашык бейтапты тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий